«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын сапат менеджмент системасы

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында сапат менеджмент системасын жайылтуу жана иштеп чыгуу 2011-жылы эл аралык аэронавигацияга метеорологиялык кызмат көрсөтүү  боюнча ишмердүүлүктөн башталган.  2014-жылдын апрель айында ишкана СМС  ISO 9001:2008 эл аралык стандарттын талаптарына шайкеш келе турган сертификациялоодон ийгилитүү өткөн.

2017-жылдын июнь айында СМСнын  ISO 9001:2015 эл аралык стандарттын талаптарына шайкештиги боюнча  аэронавигавигациялык маалымат кызматын  көрсөтүү жаатындагы сертификациялык аудит ийгиликтүү өткөн.

2018-жылдын  май  айында  эл аралык  аэронавигацияга  метеорологиялык   тейлөө көрсөтүү, ошондой эле СМСнын  ISO 9001:2015  боюнча аэронавигациялык маалымат берүү  боюнча иш-аракеттер сертификациялоодон ийгиликтүү өттү (Сертификаттарды к.).