Аэронавигациялык Маалымат Кызматы

Аэронавигациялык маалымат кызматы (АМК) – “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат. АМК Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринде жана ИКАО тиркемелеринде  белгиленген талаптарга ылайык аэронавигациялык маалыматты камсыз кылуу боюнча кызматтарды  көрсөтөт. 

Кызматта ISO 9001:2015 эл аралык стандартка ылайык аэронавигациялык маалымат көрсөтүү тармагында сапат менеджмент системасы колдоого алынган жана жайылтылган.  СМС учуу копсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучуларынын канааттануусуна багытталган жана “Кыргызаэронавигация”МИнин АМК бөлүгүнүн персоналдарынын жогорку компетенттүүлүгүн тастыктайт.

АМК тыгыз байланыштагы  эки бөлүмдөн турат:

  • Жарыялоо бөлүмү
  •  Брифинг бөлүмү

Жарыялоо бөлүмү аэронавигациялык маалыматтардын жарыяланышына,  узак жана  кыска мөөнөттүү мүнөздөгү аэронавигациялык маалыматтарга жооптуу болушат.

Бөлүмдүн негизги милдети аэронавигациялык маалыматтардын  Бириккен Пакетин чыгаруу, жүргүзүү жана таркатуу болуп саналат:

  • Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалыматтар жыйнагын (AIP KR);
  • AIPке  түзөтүүлөр жана толуктоололор (AIP AMDT, SUP);
  • Аэронавигациялык маалыматтык циркулярлар (AIC);
  • Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигине тиешелүү «А» (NOF)сериясындагы эл аралык NОТАМ;
  • Контролдук  жана колдонуудагы NOTAM тизмелери.

2014-жылдан баштап Европалык Аэронавигациялык Базага толугу менен миграциялангандан кийин (Data provider/Data User) АМК көптөгөн мамлекеттердин аэронавигациялык маалыматтарына жетүүгө, ошондой эле өз аэронавигациялык маалыматтарын EAD SDO базасында жүргүзүүгө жана NOTAMды чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Көрсөтүлгөн кызматтарды жогорку деңгээлде камсыз кылуу үчүн биз заманбап технологияларды жана системаларды колдонобуз.

Брифинг бөлүмү  (ARO) учууларды камсыз кылуу боюнча кызматтарга жана учуу курамына учуу алдында  керектүү болгон  бардык маалыматтарды даярдайт жана берет.

Учуу алдындагы маалымат өзүнө төмөнкүлөрдү  камтыйт:

  • Аба кемелеринин кыймылына тиешелүү жана аларга байланыштуу билдирүүлөрдүн жана учуулардын планы;
  • Учуу алдындагы маалыматтык бюллетендер  (PIB).

PIB Европалык Аэронавигациялык Базаларды (EAD) колдонуу менен  түзүлөт.

Аэронавигациялык маалыматтар боюнча кайрылсаңыздар болот:

Тел.: +996 (312) 393174

AFTN: UCFMYOYX

E-mail: ais_kyrgyzstan@bk.ru