Аба кыймылын уюштуруунун Башкы борбору

Кыргыз Республикасынын аба кыймылын уюштуруу боюнча Башкы борбордун жарандык секторунун (КР АКУ  ББ ЖС)негизги милдеттери

    Кыргыз Республикасынын аба кыймылын уюштуруу боюнча Башкы борбордун жарандык сектору – Кыргыз Республикасынын  аба мейкиндигиндеги  ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүн координациялоону  жана ведомстволор аралык пландоону, ошондой эле аны пайдалануу тартибин түздөн-түз жүзөгө ашыруучу мамлекеттин  башкы ыйгарым укуктуу органы  болуп саналат.

Ал аба кыймылынын регулярдуулугун жана коопсуздугун сактоону контролдоого, аба кыймылынын агымдарын уюштурууга багытталган.

КР АКУ  ББ  Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин,  ошондой эле аба кыймылын башкаруу жоопкерчилиги эл аралык макулдашуулар менен аныкталган башка аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуу, пландоо жана  координациялоо боюнча өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.

КР АКУ  ББ  ЖСнын структурасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА)башкармалыгынын схемасында берилген

 

 

КР АКУ  ББ  ЖСнын курамы:

Аба кыймылын уюштуруу боюнча башкы борбордун жарандык секторунун өздүк курамына жарандык авиациядагы аба кыймылын башкаруу  диспетчеринин колдонуудагы Күбөлүгү бар, англис тилин жана компьютерди билген диспетчердик курамдагы адамдар кирет.

 КР АКУ  ББ  ЖС   Кыргыз Республикасындагы аба кыймылын тейлөө органдары менен өз ара кызматташтыгы

КР АКУ  ББ  жарандык секторуна   аба кыймылын пландоо жана уюштуруу, аба кыймылынын пайдалануу режимин алып салуу жана өткөрүү маселелери боюнча төмөнкү борборлор баш ийет:

  • Аба кыймылын тейлөөнүн Бишкек борбору (АКТБ борбору);
  • Аба кыймылын тейлөөнүн Ош борбору (АКТ ОР борбору);
  • Аба кыймылын тейлөөнүн Каракол борбору (АКТК борбору);
  • Жарандык авиациядагы  аба кыймылын уюштуруунун  жана пландоонун башка органдары.

Негизги милдеттери

Аба кыймылын уюштуруу боюнча башкы борборго  төмөнкү милдеттер жүктөлөт:

  • Кыргыз Республикасынын  коргонуу жөндөмдүүлүгү жана элдик чарба кызыкчылыктары үчүн  аба мейкиндигин натыйжалуу  бөлүштүрүү жана аны пайдалануу тартибин көзөмөлдөө;
  • Режимдерди, тыюу салууларды ,чектөөлөрдү  киргизүү жана алып салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү;
  • Аба кыймылынын коопсуздугун, үнөмдүүлүгүн жана регулярдуулугун камсыз кылуу;
  • Учууларды камсыз кылууда табигый кырсыктан жабыр тарткан аба кемелерине аба кыймылын тейлөө органдары жана авиациялык издөө жана куткаруу  кызматы менен биргеликте жардам көрсөтүүгө катышуу.

КР АКУ ББ жарандык сектору – эл аралык аба трассалары (АТ), ички аба линиялары (ИАЛ) жана аэропорттор (жарандык аэродромдор), ошондой эле аба трассаларынан тышкары аба кемелеринин жана ИАЛ учууларын камсыз кылууда   анын ичинде түз каттамдар боюнча жана авиациялык иштерди аткарууда Аскер секторунун макулдашуусу менен  аба мейкиндигин колдонууну жана мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат.

КР АКУ  ББ   жарандык секторунун функциялары

 1) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кемелердин кыймылын көзөмөлдөө, күнүмдүк планды түзүү жана камсыз кылуу, аба кыймылын уюштуруу боюнча Башкы борбордун аскердик секторуна, аба кыймылын тейлөө борборлоруна, кызыктар болгон мамлекеттердин аскердик командалык пункттарына күнүмдүк пландын өзгөрүшү тууралуу билдирип туруу жана күнүмдүк пландын анализи.

2) Кыргыз Республикасынын  аба кыймылын уюштуруу боюнча Башкы борбордун жоопкерчилик аймагынан сырткары  аба трассалары боюнча аба кемелеринин агымдарын уюштуруу жана пландаштыруу, ошондой эле абалык, метеорологиялык жана орнитологиялык кырдаалдарда учуу тапшырмаларын өзгөртүүдө бул агымдарды бөлүштүрүү

3) КР АКУ  ББ  ЖС нын күнүмдүк планына ылайык аба мейкиндигин пайдаланууда атайын уюштурууну талап кылуучу ишмердүүлүктү камсыз кылуу;

4)  Аба кемелеринин эл аралык учууларын камсыз кылуу;

 5) Катаал метеорологиялык кубулуштар болгон учурларда аба кемелеринин учуу бийиктиктеринин жана маршруттардын өзгөрүүсүн, аба трассаларынын же ички аба линияларынын чегинен чыгуу зарылчылыгы болгон учурда учуу тапшырмаларын же запастык аэродромдорго аба кемелеринин багыттарын өзгөртүү тууралуу  аба кыймылын уюштуруу боюнча Башкы борбордун аскердик сектору менен макулдашуу;

6) Аба трассаларынын жана ички аба линияларынын түз багыттагы каттамдарын жана жоопкерчилик аймактарындагы жана анын чегинен сырткары аба мейкиндигиндеги учуулардын кошумча эшолондорун пайдаланууну КР АКУ ББ аскердик сектору менен макулдашуу.

Аба мейкиндигин пайдалануу маселелери боюнча Аба кыймылын тейлөө борборлорунун иш-аракеттерин көзөмөлдөө жана координациялоо. Негизги жана запастагы аэродромдордун аба кемелерди кабыл алууга даярдыгын жана күнүмдүк планга ылайык радиотехникалык каражаттардын трассалык иштерин көзөмөлдөө, ошондой эле алар катардан чыгып калган учурларда көрсөтүлгөн аэродромдордогу  каражаттарды алмаштыруу боюнча чараларды көрүү.

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу  жана жарандык аба кемелеринин өлкө чегине конуусуна уруксат берүү боюнча суроо-талаптарга Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана аэродромдук кызматтык  линиялары аркылуу макулдашуу.