Кыргыз Республикасындагы аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн Провайдери

Борбордук Азия эл аралык авиация үчун мааниге ээ региондордун бири  болуп саналат. Бул региондогу  бардык мамлекеттер күн сайын көбөйүп жаткан аба кемелеринин агымдары алардын аба мейкиндиги аркылуу өтүшүнө  болгон күч аракеттерин жумшашат. Аэропортторду модернизациялоо жана кайра куруу, АКБны  ишенимдүү  заманбап каражаттары менен жабдуулоо, туризмдин индустриясын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттер туристтерди, бизнесмендерди жана  авиаташуучуларды өздөрүнө тартууга аракет кылышат.

 Аба мейкиндигиндеги учууларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Орто Азия региондорунун иш аракеттерине Кыргыз Республикасы дагы маанилүү деңгээлде катышат. Кыргыз Республикасы Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ЖАЭУ) мучөсу болуп саналып, аэронавигациялык системанын өнүгүшүндө ЖАЭУнун сунуштаган практикасын жана Стандарттарын колдонуу аркылуу аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун колдонуу боюнча ЖАЭУнун бүткүл дүйнөлүк стратегиясын кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЖАЭУнун талаптарына ылайык Республиканын аэронавигациялык системасын модернизациялоо  жана Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө жардам көрсөтүү үчүн авиациялык инфраструктураны түзүү боюнча ачык милдеттерди койду.

            Аэронавигациялык системалар жана АКУ системалары заманбап эл аралык аэропортторунун аэронавигациясынын негизи болуп саналат. Алар аэропорттон келүүчү  жана кетүүчү аба кемелерин коопсуз жана натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашыра турган каражат болуп саналат.Аэронавигациялык заманбап каражаттардын болушу менен эл аралык аэропорттор аба кемелерине көзөмөл жургүзүүнү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу жалпы тармактын бир бөлүгү болууга мүмкүндук берет. Бир канча өлкөлөрдү өзүнө камтыган бул ири тарам, эл аралык авиациянын  системасынын эффективдүүлүгүн жана бүтундөй аба кыймылын башкаруу коопсуздугун жөнгө салат.