Мамлекеттик тил

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында  “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында 2009-жылдын 18-майында № 51 “Мамлекеттик тил жөнүндө” башкы директордун буйругунун негизинде мамлекеттик тилди колдонууну жайылтыш үчүн иштөө комиссиясы түзүлгөн.

2013-жылдын 5-мартында № 114 “Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында ишканада мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылууда:

  • “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен тыгыз байланышта иш алып барат;
  • мамлекеттик тил боюнча окуу китептери, сөздүктөр (анын ичинде электрондук сөздүктөрда бар), методикалык колдонмолор   дайыма алынып турат;
  • ишканадагы бардык көрнөк-жарнактар мамлекеттик жана расмий тилде жазылган;
  • иш кагаздардын бланкалык продукциялары акырындык менен мамлекеттик тилде басылып чыгууда;
  • ситемалуу түрдө  кызматкерлерге кыргыз тилин окутуу курстары уюштурулуп турат;
  • иш кагаздарын мамлекеттик тилге акырындык менен өткөрүү үчүн компьютердик  техниканы колдонуу менен технологиялар жана программалык продуктулар жайылтылууда.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында мамлекеттик тил күнүнө, Нооруз майрамына ж.б. майрамдарга карата жыл сайын мамлекеттик тилдин конституциялык беделин бекемдөө жана ишкана кызматкерлеринин арасында мекенчилдик сезимин өстүрүү, кыргыз эли-жерин сүйүүнү даңазалоо жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында ар кандай кароо сынактар, иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынышынын 25 жылдыгына карата ишканада  Кыргыз тили боюнча сынак уюштурулган. Сынакка бардык бөлүмдөр активдүү катышып,  өз кабинеттерине кыргыз тили бурчун уюштуруп, кыргызча иш кагаздарынын топтомдорун көрсөтүштү.

Аталган конкурстун жыйынтыгы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын негизделген күнү 18-октябрга  туш келип  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары – Мырзаканов Эрнис Турсункадыровичтин катышуусу менен сынактын жеңүүчүлөрүнө  акчалай сыйлыктар, Дипломдор жана Ардак грамоталар тапшырылды.

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик  ишканасынын кызматкерлерине  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы окуу-маалымат борбору тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде  “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” боюнча  окутуу курсу уюштурулган.  Окуунун жыйынтыгында  кызматкерлер сынак тапшырып окуу-маалымат борборунун тастыктамаларына ээ болушту.