Кыргызстандын аба мейкиндигинин тузүмү негизинен өлкөнүн борбордук бөлүгүнөн жана чыгышынан өтүүчү аба трассаларынын тармагын өзүнө камтыйт. Республиканын чыгыш регионунан көбүнчө эл аралык каттамдар үчүн колдонулбаган ички аба тилкелеринин трассалары өтөт.
Учурдагы аба трассалары негизинен туштүк-батыш жана тундүк-чыгыш багытында Кыргызстандан учуп өтүүгө мүмкүндүк берет, Жакынкы Чыгыш региону жана Чыгыш Азия ортосундагы эң кыска билдирүүлөрдү жасай алат. Бул аба трассалары аркылуу учууларды аткарган аба кемелеринин радиолокациондук көзөмөлү толук көлөмдө ишке ашат.
Кыргызстандын учуу маалыматтык райондору чектеш мамлекеттердин 4 учуу маалыматтык райондору менен чектешет:
- Кытай
- Өзбекстан
- Казакстан
- Таджикистан
Кыргызстан чектеш мамлекеттер менен 15 аба коридоруна ээ;
- Кытай менен - 1
- Казакстан менен - 6
- Өзбекстан менен - 5
- Таджикстан менен - 3
Кыргыз Республикасы Кытай Эл республикасы менен болжол менен узундугу 650 км. түзгөн жалпы чекке ээ.
2003-жылдын 20-мартынан баштап мамлекеттер ортосунда Кыргызстандын аба мейкиндигинин түштүк-чыгыш бөлугүнөн орун алган жаңы эл аралык аба коридору ачылган. Бул аба коридорунун ачылышы Борбордук Азиядан Кытай жана Түштүк-Чыгыш өлкөлөрүнө учууда алардын ортосундагы аралыкты кыскартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул болсо, Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу өтүүчү аба кемелери үчүн, ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунан учуп чыгууларды жана кондурууну жүргузүүчүлөр үчун да бир кыйла экономикалык эффекти бере алды.
Аба коридорун эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигине жыл сайын аба кемелеринин көбүрөөк агымын тартат. Биздин аба мейкиндигибиз аркылуу учуп өтүүчү бардык авиаташуучулардын 45 %ы бул аба коридору аркылуу учууларды аткарууда.
Кыргызстан ошондой эле Казакстан, Таджикстан жана Өзбекстан менен бирге аба коридорлоруна ээ. Алардын жайгашкан жери Авиаташуучуларга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу абдан ыңгайлуу каттамдарды тандоого мүмкүнчүлук берет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде биздин аба мейкиндигибизге кошумча авиаташуучуларды тартуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Натыйжада аэронавигациялык тейлөөлөр үчүн жыйымдар бир кыйла жогорулайт жана ишканада ата мекендик аэронавигациянын өнүгүшүндө колдонулуучу финансылык резервдердин топтолушуна реалдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.