Учуу коопсуздугу

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында учуу коопсуздугу боюнча ыктыярдуу билдирүүлөр системасы жөнүндө Жобо иштелип чыккан жана бекитилген.

Бул Жобо “Авиациялык кырсыктарды алдын алуу  боюнча жетекчиликтин” (ICAO Doc 9422-AN/923) жана “Учуу коопсуздугун башкаруу боюнча жетекчиликтин”  (Doc 9859)    талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын  (мындан ары-Ишкана ) учуу коопсуздугу боюнча ыктыярдуу билдирүүлөр системасынын  (мындан ары – УК ЫБС) негизги милдети – Учуу коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүчү жана тийгизүүгө жөндөмдүү болгон  АКТ иштериндеги жашыруун кемчиликтерди Ишкана жетекчилерине ыкчам билдирүү болуп саналат.

УК ЫБС алынган маалыматтардын так купуялуугун камсыз кылуусу керек. Ыктыярдуу билдирүүлөрдө ыктыярдуу маалымат берген адамдын өздүк  каталары болуп калышы мүмкүн.

Бул жобо УК ЫБСнын арыз берүүчү жана жоопкер адамдардын өз ара иштеринин, келип түшкөн билдирүүлөрдү карап чыгуу жана ал билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Ишкананын жумушкерлерине маалымдоонун административдик укук тартибин аныктайт

1. Өндүрүштүк ишмердүүлүктүн сапатын көзөмөлдөөнү башкаруу функциясы

УК ЫБС  учуу коопсуздугун жана сапатты башкаруу бөлүмү (мындан ары- УК ж СББ) тарабынан уюштурулат. УКжСБ бөлүмү ыктыярдуу билдирүүлөрдүн баштапкы иштеп чыгууларын жана эсебин камсыз кылат, ал эми бөлүмдөрдүн жетекчилери жана филиалдар менен иштешүүдө – келип чыккан кемчиликтерди жоюуга багытталган иш-чаралардын иштелмелерин, билдирүүлөрдү ыкчам карап чыгуу, алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана бул чаралар тууралуу Ишкана жумушкерлерине маалымдоо.

2. Ыктыярдуу билдирүүлөрдү берүүнүн тартиби

Ишкананын каалаган жумушкери, биргелешип иш алып барган уюмдардын, аэропорттордун, авиакомпаниялардын кызматкерлери жана ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери  учуу коопсуздугуна терс таасирин тийгизе турган фактылар тууралуу ыктыярдуу билдирүүлөрдү бере алышат.

Ыктыярдуу билдирүүлөр төмөнкү каналдар аркылуу берилет:

- электрондук  дареги боюнча:  safety.kankg@gmail.com

- жазуу жүзүндөгү дарек боюнча: Бишкек ш., а/п Манас,

«Кыргызаэронавигация» МИ  УК жСБ бөлүмү;

- телефону/факсы:  +996 (312) 39 30 85.

- «Ыктыярдуу билдирүүлөр үчүн» үкөгүнө.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн мүмкүнчүлүгүңуздөргө жараша байланыш дайындарынарды  калтырып коюуңуздарды суранабыз. Толук конфиденциалдуулуктун сакталышына кепилдик беребиз.