Аба кыймылын тейлөө жана уюштуруу

 

Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөө жана уюштуруу  Кыргызстандын аймагында жайгашкан аба кыймылынын бардык башкаруу системаларынын өнүгүү деңгээлине жана аэронавигациянын техникалык каражаттарына түздөн-түз көз каранды болот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба унаасынын иштөө сапатын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктай турган звенолордун бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөө (АКТ) системасынын курамына  аба кыймылын башкаруу  жана пландоо борбору, ошондой эле алардын ишмердүүлугүн тейлөөчү материалдык –техникалык каражаттар, учууларды метеорологиялык камсыз кылуу каражаттары,навигациянын байкоонун жана байланыштын жердеги каражаттары жана эксплуатациялык базалар кирет.

Кыргыз Республикасынын токтому менен мамлекетте аба кыймылын тейлөө жана башкаруу иштери тапшырылган “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын(МИ) курамында жогоруда эскертилген бардык техникалык каражаттар жана учууларды туздөн-түз башкаруу органдары бар. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын пландоону жузөгө ашырууда өз кызыкчылыктарын  лоббирлөө мүмкүнчулүктөрүн алып таштоо үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү жана кызмат көрсөтүү рыногун жөнгө салуу боюнча уруксат кылуучу функциялар мамлекетте КРнын Жарандык Авиация Департаментинин атынан сакталаган.