Медициналык-санитардык бөлүк

Дарыгердик –учуу экспертиза функциясы бар медициналык санитардык бөлүк (МСБ)- “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат. Жарандык авиациядагы медициналык мекемелердин  ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу талаптарга жооп бере тургандыгын күбөлөндүрүүчү 18.04.2015-жылдагы  Мамлекет аралык авиациялык комитетинин (МАК) тастыктамасына ээ.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын медициналык –санитардык бөлүгү  учууда  медициналык камсыз кылуу маселелерди чечет, авиакызматкерлерге дарылоо-алдын алуу боюнча жардамдарды көрсөтөт. МСБ келишимдин шарттарында башка уюмдарга төмөнкү багыттар боюнча   медициналык кызмат көрсөтөт:

  • Терапия;
  • Хирургия;
  • Гинекология;
  • Неврология;
  • Офтальмология;
  • Оториноларингология;
  • Стоматология;
  • Психология;
  • Физиотерапия;
  • Массаж;
  • УЗИ;
  • ЭКГ, ВЭМ
  • Клиникалык жана  биохимиялык  лаборатория;
  • Дарылоо бөлмөсү;

“Кыргызаэронавигация”МИнин  медициналык – санитардык бөлүгү  төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек ш. Ахунбаев көчөсү №184, тел: +996 312 25-18-93 (каттоочу жай), e-mail: mcch@kan.kg 

 МСБнын көрсөтүлгөн Прайс-барагында  “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын 06. 05.2016-ж. №60 буйругу менен 2016-жылдын 1-июнунан тартып  ишке кирген баалардын прейскуранты  көрсөтүлгөн

Прайс-барагында МСБ