жаңы ар дайым жакшы!

Кыргызстандын түштүгүндөгү  Баткен, Разаков, Жалал-Абад жана Кербен  аэропортторуна автоматтык метеорологиялык станциялар (АМС) орнотулду. Алар абанын температурасын, нымдуулугун, атмосфералык басымды, шамалдын багытын жана ылдамдыгын өлчөө үчүн датчиктер  менен жабдылган.  АМС  аэродромдордогу аба ырайынын  метеорологиялык шарттары жөнүндө  так жана өз убагында маалыматтарды берет, бул болжолдоолордун жана авиациялык керектөөчүлөргө тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат. AМСтин   үзгүлтүксүз ишенимдүү иштеши  аэропорттордун климаттык сыпаттамаларын  түзүү үчүн  маалыматтарды топтоодо маанилүү болуп эсептелет.