Кыргызстандын түштүгүндөгү Баткен, Разаков, Жалал-Абад жана Кербен аэропортторуна автоматтык метеорологиялык станциялар (АМС) орнотулду. Алар абанын температурасын, нымдуулугун, атмосфералык басымды, шамалдын багытын жана ылдамдыгын өлчөө үчүн датчиктер менен жабдылган. АМС аэродромдордогу аба ырайынын метеорологиялык шарттары жөнүндө так жана өз убагында маалыматтарды берет, бул болжолдоолордун жана авиациялык керектөөчүлөргө тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат. AМСтин үзгүлтүксүз ишенимдүү иштеши аэропорттордун климаттык сыпаттамаларын түзүү үчүн маалыматтарды топтоодо маанилүү болуп эсептелет.