Эски CVOR/DME жабдуусун жаңыга алмаштыруу

2015 - жылдын 26-октябрында Япониянын Премьер-министри С.Абенин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония  Өкмөтүнүн ортосунда  Алмашуу ноталарына жана КР Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууга кол коюлду.

          Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япония Өкмөтүнүн Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”  мыйзамга кол койгон. Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 10-мартында кабыл алынган.

"Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоорун жүзөгө ашыруу артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биринчи кезекте, учуулардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн зарыл, ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү жана авиакомпанияларды тейлөө үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда азимуталдык-алыскы өлчөөчү CVOR/DME радиомаягы орнотулган. 2017-жылдын 29-августунда жаңы навигациондук жабдууларга учуу сыноолору жүргүзүлдү.

CVOR/DME радионавигациондук жабдуусу аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун камсыз кыла турган татаал система б.а. бул радионавигациялык жабдуу татаал метеошарттарда да бардык категориядагы аба кемелеринин  коопсуз учуу-конууларын  жана коштоп жүрүүлөрүн ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. CVOR/DME радионавигациондук жабдуусу жайгашкан жер негизги радионавигациондук түйүн болуп санлат.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жамаааты Япон Өкмөтүнө жана Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) эмгек жамаатына көрсөткөн техникалык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет жана Кыргыз Республикасынын транспорт секторун жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирет.