Метеорологиялык камсыз кылуу

Кыргыз Республикасында  аба мейкиндигин  пайдалануучуларды метеорологиялык жактан камсыз кылуу  «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Авиациянын учуу коопсуздугу, үнөмдүүлүгү жана регулярдуулугу берилген метеорологиялык маалыматтардын  сапатынан жана ыкчамдуулугунан көз каранды.

Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана улуттук аэронавигацияны метеорологиялык камсыз кылууну “Манас” аэропортунда жайгашкан Бишкек авиациялык метеорологиялык борбору жана Ош филиалынын Авиациялык метеорологиялык жарандык станциясы (АМЖС) жүзөгө ашырат.Булардын курамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык ири аэропортторундагы:Каракол,Тамчы,Нарын,Казарман, Талас, Баткен, Исфана, Жалал-Абад, Караван  9 аэродромдук метеорологиялык тобу кирет.

Кыргыз Республикасында авиацияны метеорологиялык камсыздоону уюштуруу жана  усулдук башкаруу маселелери  боюнча авиациялык метеорологиялык камсыз кылуу бөлүмү иш алып барат. (АМК)

Метеорологиялык камсыз кылуу өзүнө камтыйт:

  • аэродромдо метеорлогиялык байкоо жүргүзүү;
  • авиациялык божомолдордун бардык түрлөрү жана аэродром боюнча алдын -алуулар
  • SIGMET жана AIRMET тин штормдук маалыматтары
  • Инструктаж өткөрүү жана учуу документтерин берүү,
  • Метеорологиялык байкоолорду техникалык камсыздоо,
  • Учууларды пландоо үчүн маалыматтарды жана штурмандык эсептөөлөрдү,
  • Кыргыз Республикасынын аэродромдору боюнча климаттык маалыматтарды.

Ишкана жетекчилигинин негизги милдеттеринин бири - метеорологиялык камсыз кылуу үчүн жаңы технологияларды жана автоматташтыруу каражаттарын жайылтуу болуп саналат.Бул милдеттердин ишке ашышы метеорологиялык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, ыкчамдуулук д еңгээлин олуттуу көтөрөт, ошондой эле АКТ бөлүктөрүн, аба кемелеринин экипажын, жана башка керектөөчүлөрдү сапаттуу метеорологиялык маалыматтар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

«Манас» жана «Ош» аэродромдорунун учурдагы аба ырайына байкоо жүргүзүү үчүн Vaisala (Vaisala - КРАМС-4) финляндия фирмасынын талаа датчик топтору бар заманбап комплекстүү радиотехникалык аэродромдук метеорологиялык системалары менен жабдылган.

Бул система аба кемелерин учурууда жана кондурууда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн учурдагы аба ырайынын так жана ишенимдүү параметрлерин алууну камсыз кылууга мүмкүнчүлук бере турган эл аралык стандарттардын бардык талаптарына жооп берет жана Мамлекет аралык авиациялык  комитеттин (МАК) тастыктамасына ээ.

Авиация метеорологдорунун оперативдүү иштеринин формалары дайыма өркүндөтүлүп турат, авиациянын керектөөлөрү үчүн алдын ала божомолдорду түзүү боюнча метеорологиялык маалымат анализинин усулу жакшыртылып турат, жарандык авиациянын тейлөө процедураларына жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык адистердин квалификацияларын жогорулатуу жана даярдоо иштери жүргүзүлүп турат.

ИСО 9001-2008 эл аралык стандартка ылайык метеорологиялык тейлөө көрсөтүү боюнча ишканада сапат менеджмент системасы (СМС) жайылтылган. 2017-жылдын апрель айында  сертификациялоо боюнча эл аралык-таанылган «CERT International» органы тарабынан  СМСге бир дагы шайкеш эсместиги жок ре-сертификациялоо жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Бишкек филиалына жана Ош филиалына сертификат алынды. ИСО 9001-2008 боюнча сертификаттын болушу авиацияны метеорологиялык камсыз кылуу  керектөөчүлөрдү  канаттандырууга багытталган эл аралык жана улуттук ченемдерге жана  жөнгө салуу документтерине ылайык  жүргүзүлөт дегенди билдирет жана “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын метерологиялык бөлүмдөрүнүн авиациялык персоналдарынын жогорку компетенттүүлүгүн тастыктайт.