Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген биринчи кызматкер!

2022-жылдын 18-августунда учуулар коопсуздугун башкаруу системасы бөлүмүнүн улук инспектору Михаил Сергеевич Белухага “Кыргыз Республикасынын Транспортуна эмгек сиңирген кызматкер”  мамлекеттик ардак наамы ыйгарылды.

Михаил Сергеевич Белуха «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын тарыхында мындай жогорку наамга татыктуу болгон жана Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин  колунан салтанаттуу түрдө  сыйлык алган биринчи авиадиспетчер болуп калды.

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын жамааты  Михаил Сергеевичти жогорку наамга ээ болушу  менен чын жүрөктөн куттуктайт жана ага бекем ден соолук каалайт!