Жаңы - бул ар дайым жакшы!

Ош аэропортунда ишкананын стратегиялык өнүгүү планына ылайык комплекстүү радиотехникалык аэродромдук метеорологиялык станциянын  (КРАМС-4) борбордук системасы сатылып алынды  жана орнотулду. Ишке киргизүү актысына  2021-жылдын 5-ноябрында кол коюлган.

          KРAMС-4  төмөнкүлөр үчүн багытталган:

- аэродромдогу атмосферанын негизги параметрлери боюнча талаа метеорологиялык билдиргичтерден  маалымат чогултуу;

- метеорологиялык маалыматтарды иштеп чыгуу жана архивдөө;

- учуп келүүчү жана учуп кетүүчү аба кемелери үчүн жергиликтүү регулярдык  жана атайын  маалымат   түзүү;

- METAR жана SPECI  жыйынтык маалыматын  түзүү жана КББга берүү;

- АТИСке метеорологиялык маалымат берүү.

КРАМС-4  борбордук системасы IWXXM санарип форматында METAR жана SPECI маалыматын  жайылтуу функциялары бар  базалык жана стандарттык наборун жана учуу конуу тилкесинин абалы (GRF)  жөнүндө  маалыматтарды берүүнүн жакшыртылган глобалдык  форматын камтыйт.

Эски, моралдык жана техникалык жактан эскирген системанын ордуна КРАМС-4 орнотулду.