"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын базасында, "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинде Коопсуздук тобунун экинчи, пландалган жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 29-апрелинде  "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын базасында, "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинде Коопсуздук тобунун экинчи, пландалган жыйыны  болуп өттү. Топтун ишинин максаты – “Манас” аэропортунун учуп-конуу тилкесинде иштөө учурунда коркунучтуу факторлордун санын азайтуу. Жыйынга  Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын, аэродромду эксплуатациялоо кызматынын өкүлдөрү, аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана  авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты. Ишканаларды жазгы-жайкы мезгилине даярдоонун жыйынтыктары, жаз-жай мезгилиндеги орнитологиялык өзгөчөлүктөр, ишканалардын жаз-жай мезгилине карата пландары, өткөн мезгилдеги эскертүүлөр жана  маселелер талкууланды. Жолугушуу тараптардын конструктивдүү диалогунда өттү.