Эл аралык жарандык авиация күнү

Эл аралык жарандык авиация күнү менен!

Эл аралык жарандык авиация күнү жыл сайын 1994-жылы 7-декабрда Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) негизделген күндөн бери  белгиленип келет. Бул күндү белгилөө үчүн Эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын кабыл алынышынын 50 жылдыгы негиз болуп, анын негизинде ИКАО уюштурулган. Бул майрамдын максаты - жарандык авиациянын ийгилигине көңүл буруу болуп саналат.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Эл аралык жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жашоододогу ийгиликтерди, бейпил турмушту жана жан дүйнөнүн жыргалчылыгын каалайбыз! Жашооңуздар  жана ишиңиздер ар дайым бийиктиктерди багындырсын,  учууларыңыздар  коопсуз,  асманыңыздар ачык болсун!