ШКУ Саммитинин алдында жолугушуу

Кыргыз Республикасында 2019-жылдын 13-июнунан 14-июнуна чейин Шанхай Кызматташтык Уюмунун өлкө президенттеринин саммити өтө тургандыгына байланыштуу, 2019-жылдын 4-июнунда КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги өз ара иштешүү, кызматташуу жана учуулардын коопсуздугун жакшыртуу максатында, ошондой эле “Манас” аэропортунда ШКУнун өкүлдөрүн ийгиликтүү тосуп алуу жана узатуу  маселелери боюнча “Манас”эл аралык аэропорту ААКтын жеткечилигин жолугушууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргызаэронавигация” МИнин негизги ыкчам кызматтары көрсөтүлдү.