КР Эгемендүүлүк күнүнө, Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнө иш-чара

2018-жылдын 28-августунда        Кыргыз  Республикасынын  Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын имаратында  Кыргыз Республикасынын  Эгемендүүлүк күнүнө, Мамлекеттик  тил  күнүнө жана Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш – чарага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары - Ж.А.Ногойбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине  караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - Н.И.Ишекеев, жазуучу, публицист – Д.К.Керимов жана башка коноктор катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

  Иш-чарада кызматкерлер арасында кароо-сынак уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр “Ардак грамота” жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевге “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Иш - чара жогорку деңгээлде өттү.