Аэропорт ШОУ

2018-жылдын 7-майынан 9-майына чейин  Дубайдагы Жарандык авиация бийлигинин  Президенти X.X.Шейха Ахмед бин Саеед Ал Мактумтун жана Дубай аэропортторунун төрагаларынын жана Эмираттардын авиакомпанияларынын жетекчилеринин жетектөөсү  астында  Дубай шаарында  болуп өткөн Аэропорт ШОУга КР ТжЖМга караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын делегациясы катышып келишти.Ошону менен катар эле иш кызматташтыгын белгилөө максатында  өткөрүлгөн  бул көргөзмө жана аэропорттун коопсуздугу жана аба кыймылын башкаруу боюнча  форум алгачкы жолу өткөрүлдү.

АКБ боюнча форум аба кыймылын башкаруу боюнча жүздөн ашык кесипкөй адистерди бир аянтчага чогултту, анда индустриянын жаңы өнүгүүлөрү  тууралуу билүүгө жана өз ишинде эң жакшы  практикалык тажрыйбалары, маалыматтары, алган билимдери, идеялары жана компетенциялары   менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.  

Бул форумдун жүрүшүндө мындан ары дагы кызматташууну улантуу  максатында  аэронавигациялык жабдууларды өндүрүүчүлөр Leonardo SpA (Италия), Telerad (Бельгия), Oman Aircraft Control College (Оман), Hungaro Control (Венгрия), VRM (Швейцария)  ж.б. у. сыяктуу аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү провайдерлер менен  дагы жолугушуулар уюштурулду.

КР ТжЖМга караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы да четте карап турбастан  КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп стенд уюштурушту. Көпчүлүк келгендер биздин өлкөгө жана биздин ишкананын ишмердүүлүгүнө кызыгуу жаратышты.