“Евразия” КК жана ЭКТнын 34-жыйыны

2017-жылдын 13-сентябрынан 16-сентябрына чейин  “Евразия” Координациялык Кеңешмесинин  (КК) жана эксперттердин координациондук тобунун (ЭКТ) биргелешкен 34-жыйыны болуп өттү.  Анда Азербайджан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын, Кыргыз  Республикасынын, Россия Федерациясынын, Таджикистан Республикасынын жана Өзбекстан  Республикаларынын аэронавигациялык тейлөөлөрүнүн улуттук провайдерлеринин өкүлдөрү, ошондой эле туруктуу байкоочулар катышышты. Мындан сырткары жыйындын ишине  ЖАК, ИАТА жана авиапромдун ишканалары да катышышты.

Негизги иш-чара менен катар  эксперттердин координациондук тобунун отуруму болду, анын жүрүшү менен сегиз өлкөнүн аэронавигациялык ишканаларынын ортосундагы өз ара мамилени тереңдетүү,  ар түрдүү кесиптик тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү, аэронавигациялык маселелер боюнча тажрыйба алмашуу сыяктуу катышуучуларды кызыктырган  талкуу  болду.

«Евразия» ККнын алкагында катышуучулар АНТ провайдерлеринин учурдагы иштери, ишке ашырылуучу долбоорлор, алдыңкы технологияны жайылтуу жана АКУ жаатындагы келечектүү процедуралары тууралуу докладдары менен чыгышты.

“Евразия” КК жана ЭКТнын  кезектеги  биргелешкен 35-жыйыны кийинки жылдын жаз айларына мерчемделүүдө.

Башкы директор Рахманов Улукбек Айтбаевич башында турган  “Кыргызаронавигация” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине  жыйындын катышуучулары кеңешмени жакшы уюштургандыгы жана жогорку деңгээлде  өкөргөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиришти.