«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы Мамлекет Аралык Авиациялык Комитеттин (МАК) «Ардак белгиси» менен сыйланды.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы 2017-жылдын 17-июлунда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп эл аралык жарандык авиацияны  өнүктүрүүгө кошкон салымы, алдыңкы технологияларды  жайылткандыгы , ошондой эле  аба кыймылын тейлөөдөгү  жана уюштуруудагы жетишкен  ийгиликтери үчүн Мамлекет Аралык Авиациялык Комитеттин  “Ардак белгиси”  менен сыйланды.

Сыйлыкты “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын башкы директору У.А.Рахмановго авиация боюнча Эл аралык мамлекеттик кеңештин Президенти, Мамлекет аралык авиациялык комитеттин төрайымы, илимдин доктору, профессор,  Э. Уорнер атындагы ИКАО премиясынын лауреаты Татьяна Григорьевна Анодина өз колу менен тапшырды.