ISO 9001:2015 боюнча ийгиликтүү аудит

2017-жылдын  6-7-июнунда “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкеш келүүcүнѳ  аэронавигациялык маалымат берүү боюнча сапат менеджмент системасынын сертификациялык аудити ийгиликтүү өттү. Аудит менеджмент системасын тастыктамалоо  боюнча  «CERT International»  эл аралык –таанылган органы   тарабынан   өткөрүлдү. Аудиттин жыйынтыгы боюнча эл аралык - таанылган шайкештик Тастыктамасы алынды. “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы улуттук, эл аралык жана башка жөнгө салуу документтеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучулардын  талаптарын канааттандыра турган кызматтарды жана продукцияларды көрсөтөрүн дагы бир жолу ырастады.

Сертификаттар