ISO 9001 боюнча ийгиликтүү аудит

2017-жылдын апрель айында  “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик  ишканасында  эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык тейлөө  көрсөтүүлөрүнүн  ISO 9001: 2008 эл аралык стандарттын талаптарына ылайык келүүсү  боюнча сапат менеджмент системасынын  ресертификациялык аудити ийгиликтүү өттү.    Аудит  менеджмент системаларын сертификациялоо боюнча эл аралык-таанылган «CERT International» органы тарабынан жүргүзүлдү. Аудиттин жыйынтыгы боюнча эл аралык деп таанылган Сертификат алынды.  Бул өз кезегинде  “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучуларга бардык эл аралык жана улуттук стандарттарга жана талаптарга жооп бере турган сапаттуу метеорологиялык тейлөөнү камсыз кыла тургандыгы  тастыкталды.

Сертификат