PBN – бул келечек

 

5-декабрдан 9-декабрга чейин Бишкек шаарында PBN мүнөздөмөсүнө  негизделген, навигацияны жайылтуу  пландарын даярдоо боюнча  жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАОнун) семинар-практикуму болуп өттү. Бул семинарга 8 мамлекеттин өкүлдөрү катышты: Армения, Азербайджан, Беларусия, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Туркменистан, Өзбекистан.  Бул өлкөлөрдүн айрымдары  PBNди жайылтуу боюнча пландарын алдын ала даярдап келишкен жана алар семинардын иш процессинде чоң практикалык жардам болду.

PBNди  глобалдык жайылтуу боюнча ЖАЭУнун ниети аба мейкиндигин кыйла натыйжалуу пайдаланууга   көмөк берет жана аэродромдук аймактарда маневр жүргүзүү процедураларын иштеп чыгуунун    кыйла ийкемдүү  жолдорун пайдалануу үчүн шарттарды түзөт. Өз кезегинде, учуулардын коопсуздук деңгээлинин, өткөрмө жөндөмдүүлүктөрүнүн  көрсөткүчтөрүн жакшыртууга,  аба кемелеринин учуу траекторияларын алдын алууга, иштин натыйжалуулугун жогорулатууга , күйүүчү майды үнөмдөөгө  жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлерди азайтууга тийиш.