Франция жарандык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу

У.А.Рахманов башында турган   “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги 21-апрелде Франция жарандык авиация агенттигинин  жана «Airbus» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда авиация тармагында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, У.А.Рахманов  Тулуз шаарындагы (Франция) жарандык авиация улуттук мектебинде авиадиспетчерлерди жыл сайын  акысыз негизде окутуу тууралуу маселени француз тарапка сунуштады жана ошондой эле Ош аэропортундагы  локаторлордун айрым  деталдарын алмаштырууда  Франция тарап жардам көрсөтөрү  сүйлөшүлдү.

Жолугушуу  достук жана жылуу чөйрөдө өттү.