Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнө карата 2019-жылдын 7-октябрында  “Сейтек” балдар улуттук борборунда салтанаттуу иш- чара болуп өттү. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри  Ж.С.Бейшенов куттуктоо сөзү менен чыгып, авиация тармагынын кызматкерлерине Ардак грамота жана төш белгилерди тапшырды. КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавишгация” мамлекеттик ишканасынын  кызматкерлери да сыйланышты. Энергияны камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы - В.А.Шестаков “Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору” төш белгиси менен сыйланды, ошондой эле КР АКБ ЖС башкы адиси -А.С.Матмусина, учуулар жетекчиси - С.И.Короленко, БАМБ башчысынын орун басары - Е.П. Вайтулевич Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Аталган иш-чарага “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери активдүү катышышты.