Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө

2019-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу   “Кыргызаэронавигация”  мамлекеттик ишканасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана 23-сентябрь  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара уюштурулду. Салтанаттуу жана маданий иш чара мамлекеттик тилдин колдонулушун өркүндөтүү максатында мамлекеттик жана расмий тилде өткөрүлдү.

Иш-чарада ишкананын айрым кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Мындан тышкары  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана мамлекеттик тилге байланыштуу “Керемет талаасы” аталыштагы интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.  Оюнга кызматкерлер активдүү катышып татыктуу байгелерге ээ болушту. Иш чара жогорку уюштуруучулук денгээлде өттү.